Биз менен байланышыңыз

Путин кыргызстандыктарга жаңы жылдык куттуктоо жолдоду

Кыска кабар | 31 Дек 2022 | 371 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер жогорулап бара жатат. Кыргызстан менен Россия евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында активдүү өз ара аракеттенип, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун чакырыктарына каршы турууда күчтөрдү бириктирүүдө.

Келерки жылы биз бир тууган элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн бардык тармактарда конструктивдүү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишибизди улантабыз деп ишенем.

Сизге, Сиздин үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга чын дилимден бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Владимир Путиндин куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM