Биз менен байланышыңыз

Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны талкуулайт

Дүйнө , Кыска кабар | 5 мая 2021 | 1970 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москва шаарында жолугушат. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжал талкуулана турганын Путиндин катчысы Дмитрий Песков «РИА Новости» басылмасына билдирген.

Буга чейин Эмомали Рахмон 9-майда Москва шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата өтө турган парадга катышат деп айтылган. Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун барары боюнча сөз болгон эмес.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен кыргыз тараптан 36 адам көз жумду. Алардын арасында жаш балдар, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар бар.

Ал эми тажик тараптан 10 чакты адам көз жумганы айтылып жатат, бирок расмий билдирүү жасала элек. Эки тараптан 200 чакты адам жаракат алды.

Песков: Жапаров Москвадагы парадга катышпайт

Copyright © 2017 Maral FM