Connect with us

Индия: Ооруканада каза болду делген адам кремациялоо алдында тирүү экени аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2024 | 543 | 0

Индиянын Жхунжхуну шаарында дарыгерлер каза болду деп жарыялаган жаран кремациялоо алдында күтүүсүздөн «кайра тирилди». Бул тууралуу Times of India маалымдады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30да индиялык жаран Рохиташ Кумардын жүрөгү токтогонун электрокардиограмма көрсөткөн жана дарыгерлер анын каза болгонун жакындарына расмий түрдө билдиришкен. Бирок сөөктү текшерүү процедурасы өткөрүлгөн эмес жана өлүм тууралуу кагаздар формалдуу гана толтурулган. Саат 17:05те денени жерге берүү үчүн өткөрүп беришкен. Бирок сөөктү кремациялоого бир нече мүнөт калганда, жакындары Рохиташ тирүү экенин көрсөткөн белгилерди байкаган. Жакындары аны дароо кайра ооруканага алып барышкан.

Жхунжхунун полиция инспектору Рамаватар Мина ооруканада сөөктү толук текшербей туруп, өлүм тууралуу отчет жазылганын билдирди. Дарыгерлер өлүм себеби катары өпкө оорусунан келип чыккан дем алуу жетишсиздигин көрсөткөн. Бул окуядан кийин дарыгерлердин шалаакылыгына байланыштуу тергөө башталып, үч дарыгер убактылуу иштен четтетилген.

Times of India маалымдагандай, 25 жаштагы Рохиташ Кумар 2024-жылдын сентябрь айынан бери психикалык оору менен жабыркаган адамдар жашаган борбордо болгон.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Индиянын Лакхнау шаарында дагы бир адамдын тирүүлөй жерге берилишине аз калган. Жол кырсыгына кабылган жаран клиникага жеткирилгенден кийин дарыгерлер анын каза болгонун айтышкан. Бирок жерге берүү учурунда адамдар маркумдун колу-буту кыймылдап жатканын байкап калган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM