Connect with us

Мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссия алуу убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 25 Ноя 2024 | 349 | 0

Кыргызстанда банктардын мобилдик тиркемелери, төлөм системалары же интернет-банкинг аркылуу акча которуулар үчүн комиссия алынып салынды.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, комиссияны жокко чыгаруу 2024-жылдын 25-ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Комиссияны жокко чыгаруу жеке адамдардын ортосундагы бардык которууларга, анын ичинде эл аралык системалардын банктык карталарына которууларга да тиешелүү. Бирок төлөм терминалдары аркылуу которуулар үчүн комиссия кала берет.

«Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө жардам берет», — деп белгиледи Улуттук банк.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM