Connect with us

Бишкек абасы булганган алдыңкы беш шаардын катарына кирди

Кыска кабар | 25 Ноя 2024 | 191 | 0
Архивдик сүрөт

Бишкек кайрадан абасы эң көп булганган шаарлардын катарына кирди. IQAir платформасынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын борборунда абанын сапатынын индекси (AQI) “зыяндуу” деп классификацияланган деңгээлге жетти.

25-ноябрь саат 12:30га карата абадагы зыяндуу РМ2,5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 185 баллды түздү. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган жылдык орточо көрсөткүчтөн 20,9 эсе ашты.

Дүйнөлүк рейтингде Бишкек шаарынан мурун абанын булганышы көптөн бери системалык көйгөйгө айланган Дели, Дакка, Лахор жана Сараево сыяктуу шаарлар турат.

Сайттагы маалыматка караганда, Бишкектин Красный строитель, Рыскулов көчөсү, Жибек-Жолу, Токтогул, Беш-Күңгөй айылы жана башка аймактар абасы кир аймактар катары көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM