Connect with us

Тогуз айда финансы секторундагы ишканалардын кирешеси 115 млрд сомдон ашты

Кыска кабар | 25 Ноя 2024 | 158 | 0

2024-жылдын январь-сентябрында финансы секторунда 619 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 581 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 16 камсыздандыруу компаниясы иш жүргүздү.

Финансы секторундагы уюмдардын клиенттик базасы бир жылдын ичинде 4 миллиондон ашык көбөйүп, 2024-жылдын сентябрынын аягына карата 15,7 миллионду түздү.

Мындай маалыматты улуттук статистикалык комитет билдирди.

Кирешенин көбөйүшү, негизинен, мобилдик банкинг системасына кошулган банк кардарларынын санынын өсүшү, микрофинансылык уюмдар аркылуу онлайн кредит берүү системасынын өнүгүшү, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүүсү менен камсыздалган.  

Быйылкы жылдын 9 айында экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин суммардык көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26%га (дээрлик 24 млрд. сомго) көбөйүп, 115 млрд сомдон ашты, бул негизинен коммерциялык банктарынын кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды.

Январь-сентябрдагы экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердигинин көрсөткүчтөрү

(млн. сом)

 КирешелерЖалпычы гымдарСальдолоштурулган
финансылык жыйынтык
202320242023202420232024
Бардыгы91 313,5115 070,758 512,480 597,432 809,534 430,5
Банктар78 934,398 735,149 753,968 958,129 187,329 735,3
Күрөөканалар1 189,81 381,7843,3610,6345,8770,7
Кредиттик бирликтер162,8170,8125,2132,037,638,8
Микрокредиттик уюмдар8 261,510 951,95 393,47 628,42 870,33 322,7
Камсыздандыруу уюмдары2 728,43 794,82 374,53 242,8353,9552,1
Башка уюмдар36,736,422,125,514,610,9

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен экономиканын финансы секторундагы ишканалар тарабынан 34 млрд. сомдон ашык пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 5%га көп.

Коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын, ломбардардын  жана камсыздандыруу уюмдарынын пайдасынын көбөйүшү байкалды. Финансы секторундагы ишканалардын дээрлик 63%ы пайда алышты, ал эми 17%га жакыны чыгым тартты.

2024-жылдын 1-октябрына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 352 млрд. сомдон ашты, мында банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 85%ы туура келди.

Кредиттерди берүүнүн негизги багыттары керектөө муктаждыктары (жалпы көлөмдүн 30%га жакыны), соода чөйрөсү (24%ы), айыл чарбасы (15,7%) жана ипотека (10,6%) болуп саналды.

Copyright © 2017 Maral FM