Connect with us

Президент Акылбек Жапаровго жана бир катар министрлерге сөгүш жарыялады

Кыска кабар | 25 Ноя 2024 | 226 | 0

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.  

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага жана билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алганы жана жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн сөгүш берилди.

Ошондой эле, Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага, ошол эле бөлүмдүн тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Омурбековго да сөгүш берилди.

Copyright © 2017 Maral FM