Биз менен байланышыңыз

«Кагаз менен карандаштан баш тарткыла». Мектеп мугалимдерине ноутбуктар берилет

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 278 | 0

Кыргызстандагы орто мектептердин мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы керектигин президент Садыр Жапаров 1-июлда билдирди.

Билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде Жапаров 21-кылымда бардык нерсе тез өнүгүп жаткан учурда артта калбоо маанилүү экенин белгиледи.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева акыркы 3 айдын ичинде мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо боюнча жасалган иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ал биринчи жолу технологияга инвестиция тартууга чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Ноутбуктардын жардамы менен окутуучулар ар кандай санариптик билим берүү ресурстарын (электрондук китептер, 3D-схемалар, слайддар, лекциялар, видеосабактар, лабораториялык тренажерлор ж.б.) кызыктуу жана актуалдуу сабактарды даярдоо үчүн колдонушат. Мугалимдер кесиптик өнүгүүсү үчүн онлайн курстарга жана вебинарларга катыша алышат.

Биричи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздалат.

Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-жылы толук ноутбук менен камсыздалары айтылды.

Садыр Жапаров кагаз менен карандаштан баш тартуу мезгили келгенин, аларды чогултуу боюнча «Кыргызиндустрия» мекемеси менен келишим түзүлгөнүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM