Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 609 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен шахтёрлордун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Листвяжная» шахтасындагы авариянын кесепетинен шахтёрлордун каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Кечээ, 25-ноябрда Орусиянын «Листвяжная» шахтасында жарылуу болуп, 52 шахтёр жана 6 куткаруучу каза таап, дагы 35 адам дайынсыз жоголгон. 49 адам ар кандай жаракат менен ооруканага кайрылган. Жарылуу учурунда шахтада 285 адам иштеп жаткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шахтаны иштеткен компаниянын директору, орун басары, участканын башчысы камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM