Биз менен байланышыңыз

«Расмий Москвага Кыргызстандын саясаты жакпай турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 мая 2021 | 5568 | 0

Жаңы президент келгенден баштап, расмий Москвага Кыргызстандын саясаты жакпай турат. Мындай пикирин «Ак калпак» партиясынын лидери, саясатчы Улукбек Маматаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «кечээки чек арадагы кол салуудан кийин гана Орусия бизге ушундай мамиле кыла баштады» деген ойлор — жаңылыштык. Карапайым эл президенттин 9-майга карата Москвага чакырылбай калышын, чек арадагы куралдуу кол салууда Орусиянын создуктуруп реакция кылганын гана айтып жатат. Бирок чын-чынына келгенде баары бир жыл мурун башталган.

«Жапаровдун келиши менен Кыргызстанда жүрүп жаткан саясат Орусияга жакпай калды. Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен демократиялуу, бийликти ачык-айкын сындаган мамлекет. Бизде президенттердин утур алмаша берүүсү, элдин улам толкундап, жаңы президент алып келе бериши Орусияга эле эмес, башка коңшу өлкөлөргө да жакпайт. Бул — туруктуулуктун белгиси эмес. Мындай толкундоолор алардын жарандарына да тааасир этип, Кыргызстанды туурагысы келип, президент алмаштырууну каалагандар чыгып баштайт деп кооптонушат. Экинчи тараптан алганда, утур жаңы келген президент менен кайра жаңы келишим түзүп, кайра анын тилин таап, саясатын изилдеп же нукка салганга убакыт керек. Мындан улам расмий Москва биздин жаңы президентке ачык айтпаса да кыр көрсөтүп жатат», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM