Биз менен байланышыңыз

Путин менен Эрдоган эмнелерди талкуулады?

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2021 | 1169 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Белгиленгендей, саясатчылар коронавируска каршы күрөштү, анын ичинде Түркиядагы учурдагы кырдаалды талкуулашкан.

«Орусия бул жаатта практикалык кызматташтыкты орнотууга даяр экенин белгиледи. Тактап айтканда, ушул айдан баштап Орусиянын «Sputnik V» вакцинасын жеткирүү жөнүндө сүйлөштүк», — деп билдирди Кремлдин басма сөз кызматы.

Ошондой эле «Sputnik V» вакцинасы Түркияда чыгарылышы мүмкүн. Эрдогандын айтымында, бул кырдаалды түп-тамырынан жакшыртып, туризм жаатындагы кызматташтыкты арттырат.

Путин менен Эрдоган аймактык маселелерге да токтолушту. Ошондой эле алар Сириядагы, Ливиядагы кырдаалды жана Тоолуу Карабах жаңжалын талкуулашты.

Буга чейин Түркия ушул жылдын 1-июнунан тартып Орусия менен аба каттамдарын жандандырууга даяр экени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM