Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров ноябрда Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушат

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 527 | 0

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент кыргыз-түрк саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгарына үмүт артты.

Садыр Жапаров ноябрь айында Стамбул шаарында пландалып жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-жыйынынын алкагында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Рыфат Хисаржыклыоглу чакырууга ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоп жана Кыргызстанды эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Рыфат Хисаржыклыоглу түркиялык инвесторлордун кызматташууга жогорку кызыгуусун жана Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM