Биз менен байланышыңыз

Путин менен Байден Исландияда жолугушуусу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2021 | 1020 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байден Исландиянын борбору Рейкьявикте жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу «Politico» басылмасы маалымдады.

Басылма жазгандай, Прага (Чехия), Любляна (Словения) же Баку (Азербайжан) да Орусия менен АКШ президенттеринин жолугуша турган өлкөсү катары каралууда.

Буга чейин Жо Байден Владимир Путинди жеке жолугушууга чакырган. Андан көп өтпөй Финляндиянын президенти Саули Ниинистё саммитти Хельсинкиде өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

1986-жылы СССРдин Президенти Михаил Горбачев Рейкьявикте АКШ президенти Рональд Рейган менен жолугушкан. Ал кезде советтик-америкалык мамилелердеги чыңалууну басаңдатуудагы маанилүү окуя болгон.

Copyright © 2017 Maral FM