Биз менен байланышыңыз

Байден: Орусия Украинаны эч качан жеңе албайт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2023 | 562 | 0

АКШ президенти Жо Байден Варшавада сүйлөгөн сөзүндө Орусия Украинадагы жаңжалда жеңишке жете албайт деген пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

«Орусия Украинаны эч качан жеңе албайт, эч качан», — деди ал.

Ошол эле учурда Байден жаңжал дагы бир жылдан ашык созулушу мүмкүн экенин жана Украинаны алдыда оор күндөр күтүп турганын кошумчалады.

Мындан тышкары Байден АКШ менен Евробиримдик Орусияны жок кылууну көздөбөсүн белгиледи.

«Мен дагы бир жолу орус элине кайрылам. АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга көзөмөл орнотууга же аны жок кылууга умтулушпайт. Батыш Орусияга кол салууну пландаган эмес», — деп эскерет ал.

Белгилей кетсек, 20-февралда АКШ президенти Жо Байден ачык жарыяланбаган визити менен Киевге келген. Украиналык басылмалар жазгандай, Жо Байдендин учагы алгач Польшага конуп, андан соң поезд аркылуу Киевге келген.

АКШ президенти Жо Байден Украинага келди

Copyright © 2017 Maral FM