Биз менен байланышыңыз

Франция Украинага жеңил танктарды берет

Кыска кабар | 5 Янв 2023 | 356 | 0

Франциянын президенти Эммануель Макрон Украинанын президенти  Влдаимир Зеленскийге жеңил таңк аталган АМХ-10 зооттолгон жолтандабастарды берерин билдирди. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, Батышта дарядалган жеңил таңктарды биринчи ирет украин армиясына берип жатат. Бирок анда качан берери жана канча даана экени айтылган эмес.

Ал эми Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Украина Франциядан Bastion зооттолгон жолтандабастарды аларын билдирди.

Зеленский өзү да муну ырастап, Макрон менен сүйлөшүү учурунда жеңил танктрады жана зооттолгон жолтандабастар жөнүндө сөз болгонун жазды.

Copyright © 2017 Maral FM