Биз менен байланышыңыз

Украинанын алдыңкы байлары өлкөдөн чыгып кетип жатышат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 587 | 0

Украиналык олигархтар жана ишкерлер өлкөдөн чыгып кетип жатышат. 13-февраль күнү 20 чартердик жана жеке учак чет өлкөгө учканын «Украинская правда» басылмасы жазды.

Мындай көп сандагы чартердик каттам акыркы 6 жылдан бери байкала электиги айтылат маалыматта.

Чыгып кеткендердин арасында миллиардер Ринат Ахметов, Украинанын алдыңкы байлары деп саналган Виктор Пинчук, Александр Ярославский, Андрей Ставницер, Вадим Нестеренко жана Жогорку Думанын депутаты Вадим Новинский да бар экени белгилүү болду.

Украинанын улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов учурда Жогорку Раданын 23 депутаты өлкө сыртында экенин брифингде маалымдап, «Бирок алар Жогорку Раданын 15-февралда боло турган жыйынына жетишип келет деп үмүт кылабыз», — деген.

Украина президенти Владимир Зеленский 14-февралда сыртка чыгып кеткен олигархтарга кайрылып, 24 саат ичинде кайтып келүүсү керектигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM