Биз менен байланышыңыз

Украина: Днепрдеги ракеталык чабуулдан 5 жай тургун набыт болуп, 60 жаран жаракат алды

Кыска кабар | 15 Янв 2023 | 397 | 0

14-январь таңда Украинанын инфратүзүмдөрү кайрадан ракеталык чабуулга туш болду. Днепрде ракета турак үйгө тийип, набыт болгондор бар. Днепр шаарынын мэри Борис Филатов аткылоонун натыйжасында шаардын бир району толук энергиясыз калганын билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, турак үйлөргө карата ракеталык соккудан 5 киши набыт болуп, 60 жаран жарадар болгон. Алардын арасында 12 жаш бала бар. Учурда урандынын алдын издөө иштери жүрүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын бул чабуулу боюнча пикир билдирди.

«Днепрде урандыны тазалоо иштери уланууда. Бардык кызматтар иштеп жатат. Ар бир жаран үчүн, ар биринин жашоосу үчүн күрөшөбүз. Биз бул террорго тиешеси бар ар бирин таап, жоопкерчиликке тартабыз», — деп жазган Зеленский.

Зеленский ошондой эле «орус террорун токтотуу үчүн»  Украинага көбүрөөк курал берүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM