Биз менен байланышыңыз

Украина — жылдын эң көп колдонулган сөзү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Дек 2022 | 680 | 0

Америкалык The New York Times гезити 2022-жылы эң көп колдонулган cөздөрдү атады.

Алардын сап башында  «Украина» сөзү турган. Ал гезитте 4533 жолу айтылган. Ал эми экинчи орунда «Орусия» сөзү илинди ал 3339 жолу колдонулган.

Басылманын маалыматына караганда бир жыл мурун, «Байден» жана «COVID» деген сөздөр эң көп колдонулган , алар 2021-жылы 7267 жана 6544 жолу айтылган.

Журналисттер гезиттин тарыхында  көп колдонулган сөздөрдү дагы сунушташкан. Мисалы, 1914-жылы биринчи дүйнөлүк согуштун тушунда «Немец» деген сөз беш жыл катары менен лидерликти кармап турган.

Мындан тышкары, 1942 жана 1945-жылдары «Армия» сөзү ээлеп турган. Андан соң эң көп колдонулган сөздөрдүн бири “Совет” болгон. Ал 1960-жылга чнйин эң көп колдонгон сөздөрдүн бири болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM