Биз менен байланышыңыз

АКШ президенти Жо Байден Украинага келди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 426 | 0

АКШ президенти Жо Байден ачык жарыяланбаган визити менен Киевге келди. Украиналык басылмалар жазгандай, Жо Байдендин учагы алгач Польшага конуп, андан соң поезд аркылуу Киевге келген.

Учурда бир катар украиналык басылмалар АКШ президентинин күтүүсүз сапарын түз эфирде чагылдырууда. Байденди Украина президенти Владимир Зеленский Михайловский соборунда күтүп алды. Учурда расмий кабыл алуу иш-чарасы дал ошол жерде абадан коркунуч бар деген абалда өтүп жатат.

Буга чейин АКШ президенти 20-февраль күнү Польшага эки күндүк расмий иш сапары менен келери айтылган. Ак үй Байдендин Украинаны да зыярат кыларын четке каккан болчу.

Ак үй Байдендин Киев сапарын коопсуздуктан улам жарыялабаганын билдирди. Ал эми АКШ президенти өзү Киевдеги маалымат жыйында Украинага 500 млн долларлык аскерий жардам тууралуу жарыя кылды. Анда Украина үчүн HIMARS, Javelin сыяктуу согуштук куралдардын топтомдору болмокчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM