Биз менен байланышыңыз

Армяндар Пашинянга ультиматум коюшту

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 728 | 0

Арменияда митингчилер Баку менен тынчтык келишимине кол койгон өкмөт башчы Никол Пашинянга ультиматум койду. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазып чыкты.

Нааразычылыкка чыккандар Пашинянга өз эрки менен отставкага кетүүгө убакыт берерин айтышып, ушул эле маселе боюнча парламентти кезексиз сессияга чогулууну талап кылышууда. 

Парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү үчүн 33, ал эми кворумду камсыз кылуу үчүн 67 депутаттын колун топтоо керек.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян буга чейин кабыл алынган келишим ал үчүн өтө оор чечим болгонун белгиледи. Бул арада Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келишимге кол коюуну Армениянын багынып бериши деп атады. Анын айтымында, келишим Баку үчүн эң пайдалуу. Мындан тышкары, аскерий баскыч аяктап, саясий маселелерге өтүүгө болот.

9-ноябрда Азербайжан, Армения жана Орусиянын башчыларынын сүйлөшүүсүндө мунасага келүү чечими кабыл алынган. Натыйжада Тоолуу Карабахтагы согушту токтотуу келишимине кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM