Биз менен байланышыңыз

Арменияда аскердик абал жокко чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 625 | 0

Армения парламенти өлкөдөгү аскердик абалды жокко чыгарды. Ал 2020-жылдын 27-сентябрында Тоолуу Карабахтагы аскердик кагылыш учурунда киргизилген болчу.

Аскердик абалды жокко чыгаруу сунушуна 118 депутат макулдугун берген, бирөө каршы болсо, дагы бир депутат добуш берген эмес.

23-мартта өлкө спикери Арарат Мирзоян аскердик абалды жокко чыгарууну сунуштаган. Аны токтотуунун бирден-бир себеби кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү талабы болгон. Арменияда парламенттик шайлоо 20-июнга белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM