Биз менен байланышыңыз

Байден армян геноцидин тааныган билдирүү жасары айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 953 | 0

АКШ президенти Жо Байден ХХ кылымдын башында Осмон империясындагы армяндардын геноцидин расмий түрдө тааныйт. Бул тууралуу «Wall Street Journal» АКШнын расмий өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Басылма америкалык лидер 24-апрелде билдирүү жасашы мүмкүн деп жазды. Армения жыл сайын ушул күнү армян геноцидинин курмандыктарын эскерүү күнүн белгилейт.

Маалымат булактарына ылайык, Ак үйдүн лидери 1915-жылы Осмон түрктөрү тарабынан армяндардын депортацияланышын, ачарчылыкты жана кыргынды геноцид деп атаган. Бирок, алар бул маселе боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин билдиришти.

Булактын айтымында, Байден расмий билдирүү менен гана чыга алат, анда геноцидди расмий мойнуна алуу камтылбайт.

Белгилүү болгондой, АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Түркия менен мамилеси начарлап кетет деп коркуп, армян геноцидин таануудан баш тарткан.

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Байдендин геноцид тууралуу мындай билдирүүсү эки өлкө ортосундагы алаканын начарлашына алып келерин айтты. Түркия адатта геноцид айыптоолорун четке кагып келет.

Маалымат үчүн, 2019-жылдын 12-декабрында АКШ Сенаты армян геноцидин расмий таануу жана эскерүүгө чакырган резолюция кабыл алган.

Осмон империясы тарабынан 1,5 млн этникалык армяндардын курман болушуна алып келген армяндарды тукум курут кылуу фактысын 23 мамлекет тааныган. Биринчилерден болуп Уругвай 1965-жылы кабыл алган, анын артынан Франция, Италия, Нидерланды, Бельгия, Польша, Литва, Словакия, Швеция, Швейцария, Греция, Кипр, Ливан, Канада, Венесуэла, Аргентина, Бразилия, Чили, Ватикан, Боливия, Чехия, Австрия, Люксембург мамлекеттери да кошулган. Армяндар геноцидин Европарламент менен Дүйнөлүк чиркөө кеңеши да моюндаган.

Copyright © 2017 Maral FM