Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Арменияда 3 митинг өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 525 | 0

Бүгүн, 1-мартта Армениянын борбору Ереванда 3 митинг жана тынчтык жүрүшү өтөрү күтүлүүдө.

Ереван убактысы боюнча саат 15:00дө Армениянын биринчи президенти Левон Тер-Петросян баштаган «Армян улуттук конгресси» партиясы жүрүш уюштурат. Бул тынчтык жүрүшү 2008-жылы 1-мартта каза болгон демонстранттар менен полиция кызматкерлерин эскерүүгө арналат. Андан соң бул топ Карабах согушунун курмандыктарын эскерген иш-чарага өтүшөт.

Саат 16:00дө Армениянын оппозициясы премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган жүрүшкө чыгышат.

Ал эми саат 18:30га Пашинян өзүнүн тарапташтарын борбордук аянтка чыгууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM