Биз менен байланышыңыз

Арменияда Пашинянды өлтүрүү аракети катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 948 | 0

Арменияда премьер-министр Никол Пашинянды өлтүрүү аракети болуп, өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматы кырсыктын алдын алууга жетишкен. Бул тууралуу атайын кызматтын сайты жазды.

Маалыматка ылайык, кутумду бийликке каршы топтун адамдары уюштурган. Алар армян башкармалыгын жетекчисиз калтырып, бийликке келүү максатын көздөгөнү айтылат.

Окуяга байланыштуу бир нече оппозиция лидери кармалды. Алардын катарында оппозициялык «Мекен» партиясынын лидери, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Артур Ванецян, Армениянын республикалык партиясынын мурунку жетекчиси Ваграм Багдасарян жана башкалар бар.

Эске салсак, 9-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын ортомчулугу астында үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, 10-ноябрдан тарта Тоолуу Карабахтагы согуш токтотулган.

Тоолуу Карабахтагы келишимге кол коюлгандан бери Арменияда тынчтык жок. Армян эли өкмөт башчынын мындай аракетин чыккынчылык катары баалоодо. Буга байланыштуу оппозиция өкүлдөрү Пашиняндын отставкага кетүүсүн талап кылышууда.

Пашинянды оор абалга кептеген нааразычылык

Copyright © 2017 Maral FM