Биз менен байланышыңыз

Пашинянды оор абалга кептеген нааразычылык

Дүйнө | 13 Ноя 2020 | 606 | 0

Арменияда нааразычылык акциялары дээрлик 5 күндөн бери уланып келет. Митингге чыккандар армян эли үчүн пайдасыз келишимге кол койгон премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылышууда. Жай тургундарды бир нече оппозиция топтору коштоп жүрөт. Пашинян өзү элге кайрылып, мындай кадамга эмне үчүн барганын түшүндүрдү. Бирок ага карабастан нааразы болгондордун катары суюлган жок. Пашиняндын оор чечим кабыл алуусуна эмне түрткү болду? Учурда Арменияда абал кандай? Бул тууралуу алдыда кеп кылабыз. 

Тоолуу Карабахтагы келишимге кол коюлгандан бери Арменияда тынчтык жок. Армян эли өкмөт башчынын мындай аракетин чыккынчылык катары баалоодо.

Эске салсак, 9-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын ортомчулугу астында үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тоолуу Карабахтагы согуш токтотулуп, Азербайжан соңку уруш маалында каратып алган бул аймактагы бир нече калктуу конуш, чөлкөмдөрдү сактап калат. Ошондой эле орус аскерлери бейпилдик күчтөрү катары аймакка киргизилген.

Армяндар пайдасыз деп сыпаттаган бул келишимге кол коюлган түнү эле Ереванда массалык тополоң башталды. Миңдеген адам өкмөт башчы Никол Пашиняндын бийликтен кетүүсүн талап кылышууда.

Нааразы болгондордун башында жүргөн 17 оппозициялык күчтүн өкүлдөрү акция уюштуруп, Улуттук коопсуздук кызматынын имаратын көздөй жүрүш жасашты.

Пашинян элине кайрылып, Азербайжан жана Орусия менен болгон 3 тараптуу келишимге кол коюу оор чечим болгонун айтууда. Ал өз кезегинде өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактап калуу маанилүү экенин белгилейт.

Өлкө кыйын кырдаалга кептелгендиктен, ушинтип мунасага барууга мажбур болгонун түшүндүрдү.

— Армения жана армян эли кыйын күндөрдү башынан кечирүүдө. Баарыбыздын жүрөгүбүз кыйналып, көзүбүздөн жаш чыгып, көөдөнүбүз ооруп турган чагы. 27-сентябрда башталган согушту соңуна чыгарган 3 тараптуу бул келишим, көптөгөн нааразычылыктарды жана мен тараптан жоопту талап кылган суроолорду жаратты.

Эмнеге Армения үчүн ушунчалык пайдасыз болгон документке кол коюлду? Мындай чечим Армения Куралдуу күчтөрү абал кыйын экенин, ар мүнөт маанилүү, согушту колдон келишинче эртерээк токтотуу керектигин айткан соң кабыл алынды. А Карабахтын президенти эртерээк согуш токтобосо, бат эле, жадагалса акыркы сааттарда биз ээлик кылган маанилүү борбор болгон Степанакерттен айрылып каларыбызды эскертип жатты. Албетте көпчүлүк, «Гудратты, Шушаны алдырган соң, Степанакерттен да айрылсак, эч нерсе өзгөрбөйт» деши мүмкүн. Бирок, андай эмес. Эгерде Степанакертти алдырсак, анда Арцахтагы калган шаарлардын баарынан айрылып калуу коркунучу жаралмак. Мындай оор кырдаалда келишимге келүү эң туура чечим болчу.

Пашинян буга чейинки өлкөнүн тарыхында мындан да оор шарттагы чегинип берүүлөр орун алганын, ата-бабалар ошондой кырдаалдан да элди алып чыгып, өлкөнү өнүккөн абалга жеткиргенин айтты.

«Эч ким бийликти өз максаты үчүн пайдаланбайт. Биздин келечек алдыда», — деген премьер-министр элин ынтымакка чыкырды.

Орусиянын эл аралык иштер боюнча кеңешчиси, эксперт Алексей Наумов армяндар жеңилгенин кабыл алышы керек деп эсептейт.

— Армения эли бул жолу жеңилгенин кабыл алышы керек. Ошондой эле жеңилүү Пашиняндын айынан болбогонун да билиши зарыл. Мындайда сырткы өлкөлөр менен болгон мамиле, экономикалык абал да чоң роль ойнойт. Эгерде согушту ушул калыпта уланта бергенде, өлкөнүн түбүнө жетип, дүйнөлүк картадан Армениянын өчүп кетүү коркунучу жаралмак.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги ок атышууну токтотуу келишими Карабах маселеси толугу менен чечилди дегенди түшүндүрбөй турганын маалымдады.

Бул арада эки өлкөнүн Коргонуу министрликтери Орусиянын күч түзүмдөрү менен иш алып барып, туткундалган жарандарды жана каза болгондордун сөөктөрүн алмаштыруу аракетин көрүүдө.

Арменияга митинг, Азербайжанга майрам тартуулаган келишим

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM