Биз менен байланышыңыз

Армениянын генштабы жаңы кайрылуу менен чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 652 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын отставкасын талап кылуу башка бирөөнүн кысымы менен жасалган эмес. Мындай билдирүүнү Армениянын генштабы таркатты.

Буга чейин Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Пашиняндын кызматтан кетүүсүн жана өз элине күч колдонуудан алыс болуусун талап кылып чыгышкан. Ал эми Пашинян күч кызматкерлеринин мындай талабынан соң, башкы штабдын жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алган.

Армениянын президенти Армен Саркисян Пашиняндын сунушу менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Тиран Хачатрянды иштен бошоткон. Буга чейин Хачатрян премьер-министр Никол Пашияндын «Искандер» ракета комлпекси боюнча түшүнүктөрүн сындаганы айтылат. Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери Хачатряндын кызматтан алынышын негизсиз деп сыпаттап, премьер-министрдин отставкасын талап кылышкан.

25-февралда Еревандагы аянтка Пашинян өз тарапташтарын алып чыккан. Андан көп өтпөй анын каршылаштары да аянтка чыгып, тынчтык жүрүшүн жасашты.

Copyright © 2017 Maral FM