Биз менен байланышыңыз

Франция «Тоолуу Карабах Республикасы» аталышын тааныбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 1007 | 0

Франция «Тоолуу Карабах Республикасы» аталышын тааныбайт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Аньес фон дер Мюль Француз Сенаты кабыл алган резолюция тууралуу пикирин билдирип жатып айтты.

Ал Франциянын жоопкерчилиги Тоолуу Карабахтагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча ЕККУнун Минск тобунун тең төрагасы катары гана экенин белгиледи. Мындан тышкары учурдун маанилүү маселеси болгон аймактагы ар тарапка чачырап кеткен жарандардын өз үйлөрүнө кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү жана Түштүк Кавказьедеги абалды турукташтыруу боюнча иш алып барышарын, Париж Тоолуу Карабах аймагына гуманитардык жардам көрсөтөрүн кошумчалады.

Аньес фон дер Мюль Франция ЕККУнун Минск тобунун алкагында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу кагылышты токтотуу максатындагы сүйлөшүү процесстерине салым кошууга ниеттенип турганын, ошондой эле аталган аймактардагы «сырткы күчтөрдүн кетүүсүнө» жана маданий-тарыхый жайдын сакталып калышына кызыкдар экенин маалымдады.

26-ноябрда Франциянын Азербайжандагы элчиси Закари Гросс Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Ага Франция сенаты кабыл алган «Тоолуу Карабах Республикасын таануу» резолюциясы боюнча Азербайжан тараптан нота тапшырылган.

Буга чейин Франциянын Сенаты Тоолуу Карабахтын эгемендигин таанууга чакырган резолюцияны жактырган. Аталган документ юридикалык күчкө ээ эмес, сунуштама мүнөзүндө гана жазылган.

Франция Сенаты Тоолуу Карабахтын эгемендигин таанууга чакырган резолюцияны жактырды

Тоолуу Карабах жана ага чектешкен Азербайжандын бир нече аймагы 1990-жылдардан бери армян тараптын көзөмөлүндө болуп келген. Сентябрдын аягында Баку эл аралык укук боюнча Азербайжандын курамына кирген аймактарды кайтарып алуу максатында чабуулдарын баштаган. Ноябрдын башына карата азери армиясы бир нече районду жана Тоолуу Карабахтын бир бөлүгүн ээлеп алган. Куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө эки тараптан миңдеген адам, анын ичинде жай тургундар да каза тапкан.

10-ноябрга караган түнү Азербайжан, Армения жана Орусия Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди толук токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка эки миңге жакын аскерден турган тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган. Кийинчерээк азербайжан аймагында түзүлүп жаткан мониторинг борборунун ишине Түркия катышып, элдешүү жараянынын сакталышына көз сала турганы белгилүү болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM