Биз менен байланышыңыз

Марипов жаңыдан дайындалган элчилер менен жолугушту

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 597 | 0

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жаңы дайындалган элчилери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов өз ишинде саясий жана ишкер чөйрө менен конструктивдүү өз ара аракеттешүүнү түзүү менен катар, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасоо зарыл экенин белгиледи.

«Кыргызстан кызматташууга ачык жана кыргыз экономикасына инвестициялоого умтулган инвесторлорду колдоого алууга даяр. Энергетика, транспорт, тоо-кен өндүрүү, жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, туризм жаатындагы долбоорлор биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ. Өзгөчө көңүлдү чет элдеги мекендештерибиздин укугун жана кызыкчылыгын коргоого буруу керек. Сиздер жана элчиликтин кызматкерлери кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү менен тыгыз аракеттешип, мекендештерибиздин жаралган көйгөйлөрүн чечүүдө колдон келген көмөгүңүздөрдү беришиңиздер керек. Бул сиздердин ишиңиздердин маанилүү бөлүгү болуп саналат», — деди Улукбек Марипов.

Жолугушууга Кыргызстандын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган Алмазбек Бейшеналиев, Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалган Таалай Базарбаев, Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалган Азамат Карагулов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болгон Талант Султанов катышты.

Copyright © 2017 Maral FM