Биз менен байланышыңыз

Франция Сенаты Тоолуу Карабахтын эгемендигин таанууга чакырган резолюцияны жактырды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 680 | 0

Франциянын Сенаты Тоолуу Карабахтын эгемендигин таанууга чакырган резолюцияны жактырды. Бул тууралуу француз радиосу билдиргенин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Сунуш катары эсептелген документти 305 сенатор колдоп, бирөө каршы болгон, 30 депутат добуш берген эмес.

Беш фракциянын депутаттары биргелешип даярдаган резолюция Түркиянын «экспансиялык саясатын» эске алуу менен кабыл алынган. Тексттин авторлору Анкаранын аракеттерин Жер ортолук деңиздеги, Жакынкы Чыгыштагы жана Закавказьедеги «туруксуздуктун негизги фактору» атап, бул Францияга, анын ичинде жалпы Европага коркунуч жаратарын белгилешкен.

Резолюцияда Франция Орусия менен АКШ сыяктуу эле Тоолуу Карабахтагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча ЕККУнун Минск тобунун тең төрагасы экени көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу сенаторлор француз өкмөтүнө эл аралык тынчтык орнотуу күчтөрүн түзүүнү сунуштады.

Документте мындан тышкары «Карабахтагы аскердик кылмыштар» боюнча эл аралык тергөө жүргүзүү жана жергиликтүү жарандык калкка гуманитардык жардам көрсөтүү чакырыктары жазылган.

Азербайжан бул резолюцияны тааныбай турганын билдирди. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз депутаттарынын чечими эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес экенин белгиледи.

Тоолуу Карабах жана ага чектешкен Азербайжандын бир нече аймагы 1990-жылдардан бери армян тараптын көзөмөлүндө болуп келген. Сентябрдын аягында Баку эл аралык укук боюнча Азербайжандын курамына кирген аймактарды кайтарып алуу максатында чабуулдарын баштаган. Ноябрдын башына карата азери армиясы бир нече районду жана Тоолуу Карабахтын бир бөлүгүн ээлеп алган. Куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө эки тараптан миңдеген адам, анын ичинде жай тургундар да каза тапкан.

10-ноябрга караган түнү Азербайжан, Армения жана Орусия Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди толук токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка эки миңге жакын аскерден турган тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган. Кийинчерээк азербайжан аймагында түзүлүп жаткан мониторинг борборунун ишине Түркия катышып, элдешүү жараянынын сакталышына көз сала турганы белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM