Биз менен байланышыңыз

Казакстанда карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 971 | 0

Казакстандын Алматы шаарында 20-марттан тарта карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт. Мындай токтомго Алматы шаарындагы башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшин кол койду.

Буга чейин коронавирус жуктурган жарандардын саны өсүп жатканына байланыштуу чектөөлөр боло турганы айтылган.

Эми шаардагы коомдук транспорттор жумуш күндөрү кадимки режимде каттаса, эс алуу жана майрам күндөрү саат 06:00 — 10:00, кечинде саат 17:00 — 22:00 аралыгында каттайт.

Соода борборлору ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Жумуш күндөрү саат 10:00 — 21:00 аралыгында ачык болот.

Супермаркет, гипермаркет жана азык-түлүк түйүндөрү саат 06:00 — 02:00 аралыгында, азык-түлүк дүкөндөрү менен кичи маркеттер саат 06:00 — 24:00 аралыгында иштейт.

Ал эми базарлар жумуш күндөрү саат 06:00 — 17:00 аралыгында ачык болсо, ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Мындан тышкары дагы бир катар жайларда чектөөлөр болору айтылды.

Акыркы сутканын ичинде Казакстанда 1082 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 226 767 адамдан коронавирус аныкталган.

Кошумчалай кетсек, коронавирус күч алганына байланыштуу кошуна өлкө Өзбекстандын борбор калаасындагы базарларда да чектөөлөр күчөтүлгөн.

Ташкент базарларында карантин чаралары күчөтүлдү

Copyright © 2017 Maral FM