Биз менен байланышыңыз

Ташкент базарларында карантин чаралары күчөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 772 | 0

Өзбекстандын баш калаасындагы базарлар менен соода борборлордо карантин эрежелери күчөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Ташкентте бул жайларга келген жарандарга медициналык беткаптарды тагууга милдеттендирилди. Ошондой эле кирүү алдында ар бир жарандын дене табы текшерилип, колун антисептик менен тазалоо талап кылынат. Мындан тышкары дезинфекциялоо иштери бат-баттан жүргүзүлүп, сатуучулар медициналык беткап жана колкап кийип соода жүргүзөт.

Соңку 2-3 күндөн бери Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар көбөйгөн. Акыркы суткада дагы 65 адамдан бул илдет табылган. Муну менен пандемия башталгандан бери жалпы 80 миң 743 адам ооруга кабылган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 750 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 141 бейтап оор, 23 бейтап өтө оор абалда.

Copyright © 2017 Maral FM