Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын казысы имамдарды сактык чараларын көзөмөлдөөгө милдеттендирди

Кыска кабар | 29 Авг 2020 | 433 | 0

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев шаардын имамдарына чукул жыйын өткөрүп, жума намазында Саламаттык сактоо министрлиги жана муфтият тарабынан коюлган эрежелерди так сактоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Замир кары Ракиев айрыкча аралыкты сактоо жана беткап тагуу боюнча катуу көзөмөл керектигин баса белгиледи. Муну менен катар шаар казысы дүйнөнү каптаган пандемия коркунучу Кыргызстанда, айрыкча эл көп жашаган борбор калаада дагы деле кооптуу бойдон турганын эскертти.

«Бишкек шаарыбызда пандемия коркунучу дагы деле бар экендигин адистер айтып жатышат. Ошондуктан жума жана беш убак намазын уюштурууда бекем туруп, ар бир жарандын дене табын өлчөп, аралыкты сактоосун камсыздайлы. Сактанганды Кудай сактайт. Колдон келишинче сактык чараларын бекем көзөмөлдөйлү»,- деди Бишкек шаарынын казысы.

Кыргызстанда 26-августтан тарта мечиттерде жума намазынын окулушуна уруксат берилди.


Жума намазына уруксат берилди: жаңы эрежелер менен таанышып алыңыз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM