Биз менен байланышыңыз

Муфтий терроризмдин алдын алууга арналган жыйынга катышууда

Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 636 | 0

Кечээ башталган Грозный шаарындагы «Ислам — мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» аттуу эл аралык диний конференция өз ишин улантууда. Аталган иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев да катышып жатат. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттер аралык тынчтыкты бекемдөө жана диний конфессиялар ортосундагы мамилени жакшыртуу, ошондой эле эл аралык терроризм жана экстремизмдин алдын алуу темаларында талкууланууда.

Эл аралык конференция Чечен Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, 43 мамлекеттен 250 делегат келген.

Эскерте кетсек, Максатбек Ажы Токтомушев буга чейин аталган иш-чаранын Москва шаарында өткөн жыйынына да катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM