Биз менен байланышыңыз

Муфтий Грозныйда эл аралык диний конференцияга катышууда

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 629 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн Грозныйда өтө турчу «Ислам — мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» аттуу эл аралык диний конференцияга катышат. Иш-чара эки күнгө созулат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлайт.

Эл аралык конференция Чечен Республикасынын мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, 43 мамлекеттен 250 делегат катышууда. Алардын арасында Чечен Республикасынын муфтийи Салах-хаджи Межиев, Татарстан жана Египет Республикасынын муфтийлери, Сауд Падышачылыгынын кеңешчиси, муфтийлер жана серепчилер бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттер арасындагы тынчтыкты бекемдөө жана диний конфессиялар ортосундагы мамилени жакшыртуу, ошондой эле эл аралык терроризм жана экстремизмдин алдын алуу темаларында талкуу болууда.

Эскерте кетсек, Максатбек Ажы Токтомушев кечээ аталган иш-чаранын Москва шаарында өткөн жыйынына катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM