Биз менен байланышыңыз

Чубак ажы Жалилов: Мечитибизди обсерватория катары колдонууга берүүгө даярбыз

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 6286 | 0

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов эгерде зарылчылык болсо, жардам катары мечитти обсервацияга имарат катары берүүгө даяр. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, аталган мечитке быйыл толук ремонт болгон: акталып, сырдалган. Ичинде кондиционерлери бар. Дааратканасы сыртта. Жылуу суусу бар. Централдык канализацияга кошулган.
Дарыгерлерге ылайыктуу дааваткана кабинети бар. Тамак жасап ичкенге ылайыктуу дагы бир кабинет бар.

— «Пайгамбарыбыздын (сав) хадисинде: «Ким жалпы элдин көйгөйүн өзүнүн көйгөйү деп билбесе ал бизден эмес!» деп айтылган.Урматтуу саламаттыкты сактоо министрлиги! Урматтуу штаб мүчөлөрү! Эгерде зарылчылык болсо, жардам катары биздин мечитибизди обсервацияга имарат катары берүүгө даярбыз.

Ибрахим (алейхи салям) пайгамбарды отко салган учурда ар ким колунан келген аракетин көрүп куткаргысы келип жатса бир чымчык оозуна суу толтуруп барып отко төгөт. Аны көргөндөр күлүп: «Ай, сенин ошол сууңа ошончо от өчөбү?» — десе, «Аны билбейм бирок мен колуман келген аракетти кылып жатам. Ар ким колунан келгенине жооп берет» — деген сыңарындай биздин дагы колубуздан келгени ушул»- деп жазган дин аалымы Чубак ажы Жалилов.

Copyright © 2017 Maral FM