Connect with us

Корея коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Кыска кабар | 29 Май 2020 | 762 | 0

Кыргызстанда COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында Корея өкмөтү гуманитардык жардам иретинде 300 миң АКШ долларын бөлдү. Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатылып алынган.

Мындан тышкары Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин аракеттери менен 28 миң АКШ доллары суммасында гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды.

Бүгүн, 29-майда, бул гуманитардык жардам Корея Республикасынан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди.

Жалпысынан 26 950 ПЧР-тести жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплектиси менен келди.  Кыргыз Өкмөтү Корея тарапка берилген гуманитардык жардам жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM