Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Кореянын «КОПИЯ» борбору ачылды

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 435 | 0

Кыргызстанда Кореянын «КОПИЯ» борбору ачылды. Бул үчүн Кыргыз улуттук университетинин ботаникалык бак аянтчасынан эки гектар жер бөлүнүп берилди. Борбордун ачылыш аземине айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Дже, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, коомдук ишмерлер жана агрардык тармактын адистери катышты.

Аталган борбордо Кореянын агрардык тармагындагы тажрыйбалуу окумуштуу адистер эмгектенишип, Кореянын агрардык чөйрөдөгү жогорку технологиялары менен түшүмдү көп бере турган өсүмдүктөрдүн түрүн өстүрүшөт. Ошондой эле бул борбордо орто жана чакан чарба жетекчилерине алдыңкы тажрыйбалар окутула турганын Кореянын Кыргызстандыгы элчиси элчиси Ли Вон Дже белгиледи.

Долбоордун негизги максаты айыл чарба адистигинде билим алган студенттерди, айыл чарба тармагы боюнча окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, фермерлерди корей агротехнологиялары менен тааныштыруу, окутуу, жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM