Биз менен байланышыңыз

Корея президенти «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 712 | 0

Түштүк Корея президенти Мун Чже Ин коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөөдөн өттү. Буга анын Британияда өтүүчү «Чоң-7» саммитине катышууну пландап жатканы түрткү болду.

Ага Сеулдагы президент комплексине жакын жайгашкан Чонногдогу медициналык борбордо вакцина берилди.

Түштүк Корея «AstraZeneca» вакцинасы менен 65 жаштан өйдөкү жарандарды эмдөөнү баштаган. Вакцинанын 2 дозасын тең алуу үчүн 8 жумадан 12 жумага чейинки убакыт аралыгы сакталышы керек.

«AstraZenecaнын» коопсуздугу талаш жаратып, Европанын 20дай өлкөсү аталган вакцинаны алууну убактылуу токтотушкан. Ал эми Венесуэла «AstraZenecaдан» таптакыр баш тартканын жарыялады. Ошол эле учурда Индия, Египет, Таиланд, Мексика, жана Канада өлкөлөрү «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөөнү уланта берерин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM