Биз менен байланышыңыз

Кореядагы кыргыздар Баткен элине эки «Тез жардам» унаасын берет (видео)

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 921 | 0

Түштүк Кореядагы кыргыздар Баткен элине эки «Тез жардам» унаасын берет. Бул тууралуу фейсбук баракчасына Муратбек Мамадалиев Илчон шаарында иштеп жүргөн кыргыз жарандардын видео кайрылуусун жарыялады.

Баткен элине жардам катары берилип жаткан унаалар бүгүн, 19-июнда жолго чыгып, кийинки жумада Кыргызстанга келет.

Кайрлууда айтылгандай, «Тез жардам» унааларынан сырткары кийим-кече жана оюнчуктар да жиберилет.

Copyright © 2017 Maral FM