Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунда жаңы ПЧР-лаборатория ачылды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 692 | 0

«Манас» Эл аралык аэропортунда Кореянын «BS Group» корпорациясынын «AMSBIOLAB» жаңы ПЧР-лабораториясы ачылды. Ал жакын арада иштей баштайт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова катышып, Кыргызстан Корея менен эки тараптуу кызматташтыкка чоң маани бере тургандыгын билдирди.

«Башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстан да Түштүк Кореянын COVID-19га каршы күрөшүүдөгү ийгиликтерин, карантиндик чараларын жана калкты коронавируска тестирлөө менен камтуусун жогору баалайт. Пандемияга каршы күрөшүү алкагында түштүк кореялык компания тарабынан ПЧР-тестирлөө үчүн лабораториянын ачылышынын маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет. Заманбап технологияларга жараша, келип-кетүүчү көп сандаган жарандар үчүн ПЧР-тестти ыкчам өтүү жана анын жыйынтыгын 1-1,5 саатта алуу үчүн кеңири мүмкүндүктөр түзүлүүдө», — деди ал.

Заманбап лаборатория жогорку сапаттагы жана ыкчам ПЧР-тестирлөөнү камсыздап, өлкөгө келген жарандарга, туристтерге жана ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM