Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунда убактылуу эмдөө пункту ачылды

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 459 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунда кошумча эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөө пункту саат 08:00дөн 16:30га чейин иштейт.

Ошондой эле «Берекет Универсал» соода борборунда жайгашкан эмдөө пункту Жаш Гвардия бульвары №4 дареги боюнча Ленин районунун Калкты тейлөө борборлоруна көчүрүлгөн.

Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек. Себеби COVID-19га каршы эмделген маалымат Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук саламаттык сактоо борборунун базасына киргизилет.

Кыргызстанда акыркы суткада 21 миң адам эмдөөдөн өттү

Copyright © 2017 Maral FM