Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда акыркы суткада 21 миң адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 306 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавируска каршы 21 миң 746 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 476 адам вакцинанын биринчи дозасын, 13 миң 270 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 555 миң 118 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 201 миң 394 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Copyright © 2017 Maral FM