Биз менен байланышыңыз

«Манас» жана «Ош» аэропортторуна тосуп алуучулар киргизилбейт

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 473 | 0

24-июндан тарта жүргүнчүлөрдү узатуучулардын жана тосуп алуучулардын «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун бекеттерине кирүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Бул чечим эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынган.

Аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат.

Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат.

Copyright © 2017 Maral FM