Биз менен байланышыңыз

Абакиров: Менчиктештирүүнү 2-3 жыл мурда баштоо керек болчу

Кыска кабар , Пикирлер | 7 мая 2021 | 983 | 0

Менчиктештирүүнү мындан 2-3 жыл мурун, экономикалык көрсөткүчтөр жакшы кезде баштоо керек болчу. Мындай пикирин экономист Элдар Абакиров президенттин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү саясаты боюнча «Маралга» маек берип жатып билдирди.

Ал буга мисал кылып, «Манас» эл аралык аэропортун келтирди.

«Мындан 2-3 жыл мурун аэропорт жылына 3 миллиондон ашык  жүргүнчүнү тейлечү. Ошол кезде сатылса, кымбат сатылмак. Же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк дейбиз, ал үчүн жакшы инвестор таба алмакпыз. Бирок ал кезде жетекчиликтин саясий эрки жеткен жок. Азыр жакшы инвестор табуу кыйыныраак. Ал кезде аэропорттун кызматын жылына 3 миллиондон ашык жүргүнчү колдонору, бюджетке кеминде 1,5 млрд сом киреше алып келип жатканы айтылмак. Анда инвесторго 25 жылга берип, «Келерки 5 жыл ичинде 400 млн доллар инвестиция кыл. Кошумча учуп-конуучу тилке кур, жанына дагы бир чоң аэропорт кур» деген шарттарды койсок болот болчу.  5-10 жылдан кийин аэропорттун кызматын 3 миллион эмес, мүмкүн 6-10 млн жүргүнчү колдонуп баштамак, бул — ички дүң продукцияга ошончо акча түшөт деген сөз. Анда баары утмак. Азыр көрсөткүчтөр башка, жакшы инвестор таба албайбыз. Инвестор 2020-жылдагы көрсөткүчтөрдү карайт. Биз же 2018-жылдын көрсөткүчтөрү менен беришибиз керек, же экономика от алганча кое турушубуз керек. Бирок канчалык кеч баштасак, ошончолук кеч өнүгөт. Ошол факторду эске алуу керек», — дейт экономист.

Copyright © 2017 Maral FM