Биз менен байланышыңыз

Абакиров: Ишкердик тууралуу чечим кабыл алган чиновниктер бизнести түшүнбөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2021 | 860 | 0

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин көбү ишкерликти түшүнбөйт. Мындай пикирин экономист Элдар Абакиров «Маралга» берген маегинде айтты.

Абакиров ишкерлер бизнестин ишин жакындан тааныбай туруп чечим чыгарарын, бул ишкердик үчүн чоң кесепеттерди алып келерин белгилейт. Мисал катары Кытай да бир учурда ушундай көйгөйгө туш болгонун, аны кантип чечкенин айтып берди.

— Экономика министринин орун басары болуп турганымда иш сапар менен Кытайда болдум. Анда ал өлкөдөгү кесиптешиме мамлекеттик кызматкер бизнести түшүнбөй турганын, бирок ишкердик тууралуу чечимдерди кабыл аларын айтып, алардагы абалды сурадым. Кытай да бир учурда ушул көйгөйгө туш келген экен. Кийин мамлекеттик кызматкерлерди чоң компанияларга 6 ай, 1 жылдык практикага жөнөтүп баштаптыр. Ишкананын ишине аралашып, алардын көйгөйлөрүн, иш процессин жакындан таанып үйрөнөт экен. Ошондон кийин чиновниктердин ишкердикке болгон мамилеси өзгөрүптүр, — дейт Абакиров.

Ал учурдагы Салык системасына кире турган өзгөрүүгө бир катар бизнес-ассоциацияларынын каршы болуп жатканын айтып, мамлекеттин өзүм билемдик мамилеси ишкердикти банкротко түртөрүн же көмүскө экономикага кетерин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM