Биз менен байланышыңыз

«Кыргызиндустрия» өлкөгө келген инвесторлор менен иштешет

Саясат | 14 Янв 2022 | 956 | 0

Экономика министрлигинин сунушу менен 13-январда «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Компания түзүүнүн негизги максаты өлкөгө инвестиция тартуу, эл аралык корпорациялар менен иштешүү, биргелешкен ишканаларды түзүү болуп саналат. Компания туурасында мамлекеттик органдардан маалымат алып, серепчилердин оюн тыңдадык. 

Башкаруусун 100% мамлекет көзөмөлдөгөн «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Анын баштапкы капиталы 1 млрд сом деп белгиленди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта бул компанияны түзүү келечекте бизнес жүргүзүүнүн заманбап шарттары талап кылган милдеттердин бүтүндөй комплексин чечүүгө, башкаруунун натыйжасын артырууга, инвестициялык климатты жакшыртууга мүмкүндүк бере турганы айтылат.

Компания ачуу демилгесин Экономика министрлиги көтөрүп, долбоорун иштеп чыккан. Бул боюнча экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Айрым бир тактала элек маалыматтарга караганда, компания Кыргызстанга келген инвесторлор менен иштешет.

Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонуу керектигин, алардын бири «Кыргызиндустрия» сыяктуу жаңы багыттар жана фонддор экенин айтты.

Ошондой эле ал мындай сунуштарды колдоо менен бирге, практика жүзүндө кандай иштей турганын дыкат анализдөө зарылдыгын белгиледи.

«Суверендүү фонддор, «Кыргызиндустрия» сыяктуу жаңы багыттар инвесторлор келип ишканаларды ачканда, аларга кепилдик берип, биргеликте иш жүргүзүүгө шарт түзүү болуп саналат. Ошону менен бирге былтыр кыргыз-венгер, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонддору түзүлдү. Ошондой эле «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлүп жатат. Жалпысынан инвестиция келгенде ар тараптуу көмөк көрсөтүү мааниге ээ. Ошондуктан мындай ыкмалар көбүрөөк болсо, инвестор келгенде да кандай жолду тандайбыз дегенде, арада сунуш катары киргизсек болот».

Эске салсак, Финансы министрлигинин алдында 13-декабрда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлгөн. Улуттук холдинг тоо-кен тармагына реформа жасай турганы айтылган.

«Кыргызиндустрия» компаниясынын баштапкы капиталы — 1 млрд сом. Серепчи Нурбек Муктар: «Өлкө казынасында аталган сумманын өзү барбы?» — деген суроо салат.

Анын айтымында, бул компанияны түзүүнүн зарылчылыгы жок болчу, азыр ал мамлекеттин үстүнө дагы бир жүк болгону турат.

«Мен фонд ачам, мына 1 млрд сом салабыз» деп бакылдап айтып коюу жеңил эле. Ал эми казынада 1 млрд сом барбы, бул башка суроо. Анткени бая күнү бийликтегилер «бюджетти профоцит менен жаптык» деп айтып жатат, бирок Финансы министрлигинин сайтында «11 млрд дефицит менен чыктык» деп илинип турат. Анан кайсынысына ишене турганыңды билбейсиң, акча чын эле барбы же жокпу? Эгерде бюджетте акча жок турса, 1 млрд сомду кайсы жактан алат? Макул акча тапты дейли, аны элге жарыялап, дагы бир фонд түзүп, анын башына тууганын алып келип, тууганы дагы туугандарын кызматка алып, ошончо бюрократия керек беле? Турган эле структуралар, инвестициялык фонддор менен банктар аркылуу деле ошол акчаны берип койсо болот да». 

Ал эми экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров мындай компаниялардын ачуунун ордуна, жеке бизнеске шарт түзүп берип, андан туура салык алса эле ошол мамлекетке жетиштүү деп эсептейт.

«Бул «Кыргызиндустрияны» инвесторлордун компаниялары менен чогуу үлүшкө кирүү максатында ачкан окшойт, мамлекет тарабынан кепилдик сыяктуу. Мен билгенден тоо-кен тармагында бул ролду «Кыргызалтын» ишканасы аткарат. Башка тармактарда бул нерсенин кереги жок деп эсептейм. Жеке бизнеске шарт түзүп берип, андан туура салык алса эле мамлекетке жетиштүү болмок. Ар бир бизнеске үлүш менен кирем деген мамлекеттин максаты башынан эле туура эмес деп ойлойм. «Кыргызтелеком», «Манас» аэропорту башынан эле Советтер Союзунан калган монополдуу тармак болуп калды. «Мегаком» бул улутташтыруу аркылуу келип калган компания, негизинен бул нерсенин кереги жок деп эсептейм. Ошол акчага анын ордуна бала бакча, мектеп курса, келечекте көбүрөөк пайдасы тиймек».

Кошумчалай кетсек, мындай компанияны түзүүнүн негизги милдеттеринин бири катары жылдык жана кварталдык отчёт берүү аркылуу туунду ишканалардын ишинен жана өзүнүн ишинен алынган каржы булактарын туура жана ачык бөлүштүрүү экени жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM