Биз менен байланышыңыз

Казакбаев «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтык форумуна катышты

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 420 | 0

Бүгүн, 30-ноябрда Душанбе шаарында Кореянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде «Борбордук Азия – Корея Республикасы» XIV кызматташтык форуму болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегация башчылары Корея Республикасы менен токой чарбасы, энергетика, саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эксперттеринин катышуусунда өзүнчө тематикалык сессиялар өткөрүлдү.

Руслан Казакбаев белгилегендей, аймактык байланыш туруктуу тенденцияга ээ болуп, «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форматында активдүү диалогду жана практикалык кызматташтыкты ар тараптуу куруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Ошондой эле Казакбаев Кореянын жетекчилигине өз убагында гуманитардык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүүдө мамлекеттердин мындан аркы кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Форумдун жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү жана Форумдун катчылыгынын 2022-жылга карата иш планы кабыл алынды, ошондой эле катчылыктын аткаруучу директорлугуна Ли Жонг Гуктун талапкерлиги жактырылды.

Copyright © 2017 Maral FM