Биз менен байланышыңыз

Кореядан кыргызстандын 49 жараны учуп келди

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 694 | 0

“Манас” Эл аралык аэропорту 25-июлда «T-way» авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Аталган каттам менен Кыргызстанга Кореядан 49 жаран кайтып келди.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Каттам корея тарап менен жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда Кореядан Кыргызстандын жарандарын, Кыргызстандан Кореянын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган.

Президенттин жана Өкмөттүн чет мамлекеттердеги жарандарын кайтаруу боюнча тапшырмасын аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM