Биз менен байланышыңыз

4 облуска тез жардам унаалары тапшырылат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2021 | 539 | 0

Баткен, Нарын, Чүй жана Талас облустарына тез жардам унаалары тапшырылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Орусиядан 110 тез жардам унаасын грант аркылуу алганы жатат. Алар келери менен муктаж болгон мекемелерге берилет.

Жакында Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарына тез жардам унаалары берилди.

«Ар бир аймакка рентген аппараттарын сатып берүүнү баштадык. 5 компьютердик томография келе жатат, алар облустарга таратылат. Долбоорлордун баары ишке ашты. Учурда 66 реанимациялык тез жардам унаасы келип, аймактарга берилди. 2-3 айда аймактардын реонимобилге болгон муктаждыгын жоёбуз», — дейт Бейшеналиев.

Copyright © 2017 Maral FM