Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустан айыгып, ишке чыкты

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 811 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустан айыкты. Анын абалы бүгүнкү күнгө карата канааттандырарлык, ПЧР-анализинин жыйынтыгы терс чыккан. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Белгиленгендей, министр ишке чыгып, жаңы ковиддик стационарларды ачуу иштери менен алектенүүдө. Эртең менен Суворов училищасынын жетекчилиги менен коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алуу үчүн орун даярдоо боюнча жолукту.

Улуттук госпиталга кошумча 120 орун, Суворов училищасына 200 орун, андан тышкары Курортология институтуна 200 орун жайгаштыруу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM